Вт. Янв 25th, 2022
Апам күйөөмдү өзгөчө жакшы көрөт. «Боорсогум» деп эркелетет. Ооба, күйөөм толмоч келген,
курсактуу жигит. Күйөөм дагы жаш баладай сүйүнөт. Апама өтө жакын. Күн алыс чалып
сүйлөшүшөт. Апам каза болгондо күйөөм башкача бакырып ыйлады. Ал үнү дале эсимде.
«Эне мээримин сенин апаңдан алдым. Өз апам мени чоң энеме таштап кетип калган. Ким
экенин деле билбейм. Ар кайсы туугандын үйүндө каргыш угуп чоңойдум. Апаң экөөң мени
жибиттиңер. Сен сүйүүң менен, апаң мээрими менен таш жүрөгүмдү жибитти.» Күйөөм ушинтип айтканда таң калгам. Эмне дээримди билбей туруп калгам. Жаныма келип кучагына алганда
көзжашым өзү агып кирди.
Апам оорудан узак оорудан улам кайтыш болду. Кыйналган жок. Жылуу төшөктө,
неберелеринин, уул-келиндеринин маңдайында жылмайган боюнча узап кете берди. «Боорсорум
келдиби, колумду кармасынчы» деп күйөөмдү жанына чакыртып алды. Анан байпагынын
кырынан чогулткан тыйындарын алып чыгып неберелерине таратып берди. Дептердин
бүктөгөн барагын күйөөмө карматты. Терең дем алды. Чыгарган жок. Апаа!
Айылдагы үй энсиреп калды. Байкем менен жеңем жашайт. Бирок чачын ак, бетин бырыш,
көзүн мээрим баскан апам жок. Айылга баргым келбей калды. Күйөөм эле болбой, ар
бейшемби күнү апамдын мүрзөсүнө алып жөнөйт. Жүрөгүм канайт. Куран окупа, бир сыйра ыйлап алып жөнөп кетебиз. Бул жолкусунда кат эсибизге түштү.

Үйгө шашып келдик. Күйөөм курткасынын чөнтөгүнөн баягы баракты алып чыкты.
«Боорсогум. Апаң сени таштап кетип жатат. Мен сени өзгөчө жакшы көрдүм. Кызым бекеринен
таарынган жок. Келгенде эле мага кылган мамилен жакты. Ийилип гөлөчүмдү алып бере
калсаң, жүрөгүм жылый түштү. Кызымдын сени менен бактылуу болуп жүргөнүн көрүп, мен
бактылуумун. Оорусам дары ташып, суусам суу бердиң. Кызым экөөңө батамды берем,
ыраазымын. Үйүңөргө барган сайын кой союп сыйлаганыңды көрүп ыраазы болуп кайттым.
Катуу урушсам дагы апалап турдуң. Боорсогум, ушул адамгерчилигиңди жоготпо, кызымды
ыйлатпа, болбосо таарынам. Көп жыл жашагыла. Менин артыман келгенге шашпагыла.
Батамды берем.
Күйөөм тиземди кучактап алып ыйлап жатты. Улуу балам атасын таң калып карап турду. Мен башын сылагандан башка аргам калбады.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *