Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы вакцина алганын жарыялады. Ошондой эле ал бул тууралуу оюн социалдык тармактагы жеке баракчасына бөлүшкөн. Анын жазган пикирин толук беребиз:

«Достор, Кытай вакцинасын алдым, караңгылыктын кереги жок, Ковид 19 Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса утушту, эмне деген тартип, мээнет кетти, Кытай азамат!!!

Баары Жараткандын колунда, бирок сактанганды сактаймын дейт. Достор, вакцина алыш керек, бир караңгы чалдар каршы чыгып атышат, бул туура эмес. Эгерде ооруп калсаңар 1000 долларга дарыланасыңар, вакцина алсаңар жуксада жеңил өтөт экен. Европа, Америка, Россия бары алып башташты. Дүйнөдө вакцина табылбай жатат. Вакцина алыш үчүн атайы бир мамлекетке барып сайдырып, ал жерде үч жума жашап, күбөлүгүн алып жатышат. Европада дээрлик баарысы алышты.

А бизде Өкмөт 1,2 млн. вакцинаны кызылдай акчага сатып келишсе, кээ бирлери караңгычылык менен албайбыз деп отурабыз. Өкмөт бекер берип жатканда рахмат деп эле алыш керек, вакцина табыш дүйнөдө өтө кыйын болуп турат.

Достор азыркы маалда 1,2 млн. кыргыз Фейсбук колдонуучу экен, Кыргызстан КМШда эң активдүү колдонуучулар экенбиз. Инстаграммдан биринчи атаман экенбиз, Кыргыздар жөнүндө жаман айткандан баары коркушат экен. Андрей Малахов бизге тийшип коём деп кайра бир жумада кечирим сураган, интернеттен кыргыздар талап коюшкан.

Достор, жамандашканды качан токтотосунар, мени сөккөндөр силердин деле Фейсбук турат, чыккыла айткыла, мен канча жолу кыргыз деп башты сайдым, коррупцияга мен биринчи каршы чыктым го баарысы унчукпай отурганда. Кыргыз биринчи өзүнүн баатырларын жешет экен. Башкаларды узатып жиберишет экен, өтө кейиштүү»,-деп жазган ал.

Предыдущая статьяПодмосковьеде кайрадан мигранттар мушташты. Бул жолу ок атылды
Следующая статьяАбдрахманов: Сен өмүрүңдү тобокелге салсаң вакцина алба, жашагың келсе ал!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here