Россиянын Москва облусундагы Апрелевка шаарында 20 чакты мигрант согушуп, анын жүрүшүндө ок дагы атылды. Бул тууралуу «ТАСС» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

«Апрелевкадагы көп кабаттуу үйдүн короосунда массалык мушташ болду. Алдын ала маалыматка караганда, ага Борбор Азиянын мигранттары катышкан. Мушташ учурунда бөтөлкө, таяк колдонушуп, ок чыгарышкан», — деп айтылат маалыматта.

Булактын айтымында, окуя 18-июлга караган түнү болгон. Мушташтын себеби такталууда.

Андан тышкары мушташтын кесепетинен бир нече унаа талкаланган. Полицияны жергиликтүү жашоочулар чакырышкан.

«Бул соңку жумадагы Москва облусундагы мигранттардын арасындагы үчүнчү мушташ», — деп белгиледи «ТАСС» басылмасы.

Буга чейин 13-июлга караган түнү Москва шаарынын «Кузьминка» метросунда 200 мигрант согушкан.

Андан тышкары 14-июлда Одинцово шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мигранттары согушканы белгилүү болгон.

Предыдущая статьяКечээ Сузакта сел агызып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды
Следующая статьяСыймык Жапыкеев: » Караңгылыкты токтотуп вакцина алыш керек»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here