Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин Садыбакасовдун жылдыгын өткөрдү. Бул тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу менин мусулман бир туугандарым! Бүгүнкү Арапа майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жараткан Аллахым ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман, аруулук, тынчтык берсин.
Убакыт зымырык куш экен. Эколямдын (ред.: Эркин) кеткенине билинбей эле 1 жыл болуптур.
Бүгүн апам экөөбүз жакындарыбызды чакырып, Эркин инимдин жылдыгын өткөрдүк, кичинекейим менин. Бүгүн сага арналып окулган куран, кылынган дубалардын баары кабыл болсун! Күндүзү күлүп жайнап, өзүмдүн көңүлүмдү көтөргөнгө аракет кылганым менен кечкисин жан дүйнөмдү кайгы каптайт. Ушундай акыбал менде 1 жылдан бери. Сиздерге айтып, бөлүшсөм кадимкидей жеңилдеп калам. Апам экөөбүз кайраттуу болуп, бири-бирибизге күч бергенге аракет кылып жатабыз. Эркиним биздин жаныбызда жүрбөсөң да, ар дайым жүрөгүбүздөсүң. Сенин күлгөнүң, тигилип узак караганың, кучактап эркелегениңдин баары көз алдымда. Сен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайсың, менин бир боорум, Эркиним!«, — деп жазган Сайкал Садыбакасова.

Предыдущая статьяМарлен Маматалиев Бишкекке мэр болобу?
Следующая статьяБоз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here