Эми кыргыз коомунун, вакцина боюнча экиге бөлүнгөнү эле калдыбы? Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, кардиохирург Калдарбек Абдраманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди:

Калдарбек Абдраманов: Билими жок, адашкан атка минерлерди коштоп, элди адаштырбагыла

“Айланайындар, ак чачыңарды сыйлайм! Бүткүл дүйнө жүзү коронавирус менен алышып жатса, аттуу баштуу аксакалдар, силер кандай максатта билерман болуп тизилип туруп алып хор менен элди тескери үгүттөп жатасыңар!?

Баарыңардан силерге сый урматым менен суранам, башкага киришсеңер да ушул медицина маселесине тийишпегилечи!
Бир нерсени тагыраак түшүнүп алып, билип окуп алып, анан айтып үгүттөгүлөчү, чала укканды эле айта бербей. Албетте, вакцина боюнча маселелер абдан көп. Бирок, силер, кээ бир билими жок, адашкан атка минерлерди коштоп, жогорку трибунадан туруп алып элди адаштырбагыла да. Албасаңар силерди күчкө салган эч ким жок. Башка миллиондогон вакцина алчу адамдардын, жаш балдардын келечеги, ден соолугу үчүн силер жооп бербейсиңер го. Алардын да акыл эси, билими бар, мүмкүн алар силерге караганда көбүрөөк билишээр. Ар ким өзү үчүн жооп берсин. Эми кыргыз коомунун, вакцина боюнча экиге бөлүнгөнү эле калдыбы? Же, башка силер көтөрө турган маанилүү маселе таппай калдыңарбы? Жалпы кыргыз медицинасынын акыбалын оңдойлу, чек араны чыңдайлы деп чыксаңар болбойт беле?
Аай, аман эле болгулачы”, – дейт Абдраманов.

 

Предыдущая статьяКадыр Жарматов: «Жубайым гаражда каза болгонун алгачкы болуп уулум көрүптүр
Следующая статьяАлтынбек Сулайманов: Баткенде 3 айдан бери эч нерсе жасалган жок

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here