Жашым 20да, турмушка чыккам, бир балабыз бар. Биз жакшы эле жашап жатканбыз. Жолдошум Бишкекте, өзүм айылда апама (кайненеме) кызмат кылмай. Бүгүн жолдошум экөөбүз телефондон уруша кеттик. Ушунчалык чыдамым кетип, “секретим бар сен билбеген, ушуга өзүң жеткиргенсиң мени, “үйдөн таппаган мээримди көчөдөн издейт” дегенди жакшы билесиң!” деп койгом. Ошентип коркутсам, жакшы көңүл буруп калабы деп ойлогом. Күйөөм “бактылуу болсоң болду, мен өзүмдү эптейм, кыжалат болбо!” деп блоктоп салды. Эми чалсам өчүк. Эмне кылсам экен? Турмушумдун бузулушун каалабайм. Кантип үй-бүлөмдү сактап кала алам? Же Бишкекке, жанына барып келсемби? Эмне кылам, кеңеш бериңиздерчи?

Предыдущая статьяТүндө сейилдеп жүргөндөрдү тоноого шектелгендер кармалды
Следующая статьяАзыркы күнгө чейин мен күйөөмдү сүйө албай келем, бирок жакында…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here