Азыркы күнгө чейин мен күйөөмдү сүйө албай келем, бирок жакында…

Төрт жыл мурун ата-энем мени кыйнап эле мен тааныбаган балага күйөөгө берип салышкан. Ошондон ушу күнгө чейин мен күйөөмдү сүйө албай келем. Бир күнү биздин үйгө күйөөмдүн досу келди, ал менин биринчи сүйүүм эле. Аны көрүп, аябай жаман болдум. Чынын айтканда, башымдан эч кетпей жатат. Аны дагы деле сүйөрүмдү билдим. “Бала-чакалуу болуп калганда бул акылынан айныганбы?” дээрсиздер, бирок жакпаган адам менен өзүмдү алдап өмүр өткөрүү да кечиримсиздир. Кандай пикирдесиздер?..

Add your comment

Your email address will not be published.