Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Фейсбуктагы» баракчасына коронавирус илдетине каршы вакцина алуу иш-чарасын сынга алып, бул адам ден-соолугуна ар кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн экенин жазган.

Шайлообек Атазов:

«Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш чара болуп жатат! Мага бугун маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр. Вакцина — элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес! Саламаттыкты сактоо министрлиги ковид менен күрөшүүдө элибизди вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок» — деп жазган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы “7 каналга” вакцина тууралуу берген маегинде, Вакцина — бул жаңы препаратБул тукумсуздукка алып келеби жеалып келбейби эч ким билбейт. Балким, вакцина тукумсуздукту көбөйтүшү мүмкүн”, — деп билдирген.

 

«Политклиника» медиасы бул боюнча фактчекинг уюштуруп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит ОБрайендин маалыматына таянып, «коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келбейтбул жөн гана ушак»-деген тыянакка келген.

 

Предыдущая статьяЧолпонбек Абыкеев: Арап Бул Улуттун Аты. «Арапкул» — Дегендери «Ошол Арап Улутунун Кулусуңар»
Следующая статьяЭмиль Токтошев: Ар кимдин сөзүнө ишене бербей, эмдөөдөн өтүүгө чакырам

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here