Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалды, деп билдирди 19-июлда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.

8-июль күнү кечинде борбор калаанын эки тургуну милицияга кайрылышкан. Алардын биринин айтымында, ошол күнү, түнкү саат он бир жарымдар чамасында, Чүй проспектисинде бир топ жигит ага тийишкен. Бычак менен коркутуп, алар 2450 сомун алып коюшкан.

Дагы бир жабырлануучунун айтымында, ошол эле балдар ага кечки саат он бирлер чамасында, «Айтматов» атындагы парктан кол салышкан. Алар бычак менен коркутуп, телефонун күч менен тартып алышкан.

Эки факт тең Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармады. Алар: 2003-жылы туулган С.Н., 2003-жылы туулган А.С., 2004-жылы туулган С.Ч. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдөн бычак, баштык жана 2 уюлдук телефон табылып, бардык далилдер алынды.

Ошондой эле, кармалгандар үч тоноочулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Предыдущая статьяЭмиль Токтошев: Ар кимдин сөзүнө ишене бербей, эмдөөдөн өтүүгө чакырам
Следующая статья“Үйдөн таппаган мээримди көчөдөн издейм” деп айтып алып, үй-бүлөм бузулду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here