Руслан Акматбек: «Кыргызстанда бир соо президент барбы?»

Мындай суроону жарандык активист Руслан Акматбек узатты.

—«БШКнын төрайымы кечээ жакында парламентте «Партиялар институт катары катары калыптанган жок. Толугу менен дискредитация болду» деген тааризде бир нерселерди дептир. Ага карай турган болсок 30 жылдык тарыхыбызда «президент» деген институт дискредитация болуп, толугу менен жөндөмсүз экенин көрсөттү.

Бир соо президент барбы? 3 революцияга себеп болушту. Бир эмес экөө качып жүрөт. Бирөө түрмөдө. Төртүнчүсү элдин алдына чыга албай жүрөт. Жойсок ушуну жоюш керек болчу. Өлкөдө дискредитация болбогон мамлекеттик же саясий институт айта аласыңарбы? Анан партия жаман имиш», — дейт активист.

Add your comment

Your email address will not be published.