Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев үлгүлүү жагынан эмес, үрөй учурган окуялары менен элибизге таанылып келатат. Биздин гезит убагында жазгандай, ОПГларга офисинен миллион доллар тонотуп жиберсе, ал боюнча күрөшпөгөнү кандай? Коркок билиши бар беле?

Ушуга улай дагы бир кызыкка токтололу, феодалдык доордогу уруулашуу аркылуу ыкмага өтүп, акчасын чачуу менен чүйлүктөрдүн бир ууч колдоосуна татыганы белгилүү. Солтолордун азганакай бөлүгүн алдап кеткенби? Ошонун айынан облуста анчалык кадырбаркы жок шекилдүү. Тек гана капчыгынын күчү аркылуу саясат жүргүзүүгө ашыгат. Интеллектуалдык деңгээлдеги жаштарды чогулта албай, чылгый чоң муштум, акылы тайкыларга таянабы?

Дал ушундай идеология менен Чүй облусун башкарганын көрдүк! Өткөн айда сугат талаалары соолуп, эгиндер куурап калганы, аныгында, дээрлик күзгү түшүмдөр жабыркаганы жашыруун эмес. Эми зыянкеч жетекчи сөрөйдүн аркасынан миллиондон ашык калкыбыз жабыркайбы? Убалы кимге? Натыйжада, бийликтин рейтингин түшүрүүгө, элди нааразчылыкка түртүүгө негиз түзүп койбойбу?

Булак: Азия News гезити

Предыдущая статьяРуслан Акматбек: «Кыргызстанда бир соо президент барбы?»
Следующая статьяБишкекте батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here