Бул вирустан акырындап арылуунун бир гана жолу-массалык түрдө вакцина алуу. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Эмиль Токтошев билдирди.

“Акыркы убакта вакцина алуу же албоо жөнүндө көптөгөн талаш тартыш жаралды. Бул вирустан акырындап арылуунун бир гана жолу-массалык түрдө вакцина алуу. Вакцинанын кандай иштээрин элестетүү кыйын деле эмес. Азыр көптөгөн технологиялар да өнүккөн. Мисалы, организмге вакцинаны киргизип, иммундук системаны антителолорду иштеп чыгуу менен вирусту таап, аны жеңүүгө үйрөтөт. Анан чыныгы вирус киргенде, организм вируска тез ылдамдыкта реакция берип, аны таап, вирусту ордунан жоготконго үйрөнөт. Вакцина алганда оорубай калбайт деп эч ким кепилдик берген жок, бирок, вакцина алган кишинин оорусу жеңил өтөөрүн медиктер тастыктап атышат. Эмдөөлөр адамдарды оспа, чечек, паротит, полиомиелит, көк жөтөл, коклюш, дифтерия сыяктуу бир катар кооптуу инфекциялардан сактап келген. Медиктер коронавирус эпидемиясын да вакциналар менен гана токтотууга болот деп атышат. Мен өзүм эмдөө жөнүндө көп материалдарды окуп, изилдеп, өзүм жана үй-бүлөм менен эмдөөдөн өттүк. Ар кимдин сөзүнө ишене бербей, чыныгы адистерди угуп, өзүңүздөрдүн жана коомдун алдында жоопкерчиликти сезип, эмдөөдөн өтүүгө чакырам”, – дейт Эл өкүлү.

 

Предыдущая статья«​Вакцинация тукумсуздукка алып келет»-деген Шайлообек Атазовдун пикири жөн гана ушак
Следующая статьяТүндө сейилдеп жүргөндөрдү тоноого шектелгендер кармалды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here