ТЕҢИР — Жараткан Кудайдын бир аты. Болгондо да эң байыркы аты. Адамдар Жараткан Кудайга «ТЕҢИРИМ» — деп кайрыла баштаган кезде буддизим, христян, ислам сыяктуу диндердин аты жыты да болгон эмес. Буга Кытай тарыхчысы Сма-Цяндын жазгандарынан баштап Гердотко чейинки эң байыркы тарыхчылардын жазып

Демек, «ТЕҢИР- деген сөз Жараткан Кудайдын бир аты эмес»- деп эч ким каршы чыга албайт. Эгер тарыхый маалыматтарга таянсак балким ТЕҢИР Жараткан Кудайдын адам баласынын дилине, тилине келген биринчи
аты болушу да толук мүмкүн.
Кийинки убакта «ТЕҢИР-ЧИ, анан АРАПКУЛ» — деп, экиге бөлүнгөндөр токтобой, кайым айтышып келатышат. АРАП бул улуттун аты. «Арапкул» — дегендери «Ошол арап улутунун кулусуңар»- деп күнөөлөгөндү түшүндүрсө керек. Маселе «ТЕҢИР-ЧИ» деген сөздө жатат. «Теңирчи»- деген сөз, «Кудайчы», «Аллахчы»- деген сыяктуу эле түз маанисинде «Жараткан бир Кудайды жакшы көргөн, тааныган, ага сыйынган адам дегенди түшүндүрөт. Сөздүн маанисин башкача бурууга мүмкүн эмес. Анда эмнеге «ТЕЦИРЧИ»- дешет да өтө жаман ыплас сөздөр менен тилденишет? Мен ушуга түшүнбөйм!? Силер түптөн түз эле Жараткан Кудайдын
атын кошуп сөгүп тилдеп атпайсыңарбы?

калтырып кеткендери документалдуу маалыматтары күбө болуп берет.

Маселен; (Жараткан Алладан миң кечирим болсун) «Акмак Аллачы»- дегендей эле кеп болуп атпайбы. Дүйнөдөгү тил илими менен алектенгендердин бирин койбой чакырып келип маанисин сурасаңар деле так ушул мен айткандай кылып чечмелеп беришет. Ушуга акыл деңгээлиңер, билимиңер жетпей Жараткан Кудайга күнөкөр болуп жүрөсүңөрбү же атайлап эле Жараткан Кудайдын эң байыркы «ТЕҢИР»- деген атын келекелеп тааныбай атасыңарбы!? Бул жагын ачыкташыңар керек го!? Бирок, Жараткан Кудайдын адам баласынын оозуна алынып кылым карытып жашап келаткан кайсыл бир атын тааныбай коюу укугу эч кимге берилген эмес болсо керек. Андай укукту берсе Жараткан Кудайым өзү гана бере алат го дейм. Бирок, Жараткан Кудай тарабынан «Менин «ТЕҢИР»- деген атымды мындан ары оозго алып атабагыла»-
деген маалымат келгенин уга да, окуй да элекмин.
Чолпонбек Абыкеев
Предыдущая статьяАравандын зам.акими Мамасаидов Музафар Ташалиевич вакцина ала элек мектеп директорлорун коркутуп жатат
Следующая статья«​Вакцинация тукумсуздукка алып келет»-деген Шайлообек Атазовдун пикири жөн гана ушак

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here