Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бетирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышып, 1951-жылы туулган С.С. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Андан кийин куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Батирдин эшигин ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган.

Предыдущая статьяМиллион доллар уурдаткан Эркин Тентишевге элибиздин тагдыры бир тыйынбы?
Следующая статьяЭрулан Кокулов: Элдин эрке уулу болуп калдым

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here