Эч кимге айтпаган ичимдеги сырымды сиздерге бөлүшүүнү туура көрдүм. Мага окшогон тагдырдын сыноосуна кабылгандар барбы? Эми сөз башынан болсун.

Быйыл отузга толдум, эки балам бар. Жолдошум менен он жыл чогуу жашап, бирок ал Россияга иштейм деп кетип башка аял менен баш кошуп алган. Ал жарам деле айыгып калган андан бери беш жыл өттү. Эки жылдан бери бир балээге кабылып калдым. Ачыгын айтканда өзумдун кара чечекей агамдын кайнагасы менен жакындашып алдым. Башында ал деле мен деле куда сөөк катары мамиледе болчубуз. Кайсы кара теке сүздү билбейм ортобузда от жанып кетти. Ал кара-Сууда жашайт, бирок жарым жылдан бери аялы балдарына барбай менин артыман Бишкекте жүрөт. Алты айдан бери экөөбүз тең туугандардан качып калдык. Анткени биздин мамилени баары угуп-билип калышыптыр. Мен да катачылык кылып алдым, бирок жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң. Эми кантебиз….

Барчын

Предыдущая статьяКүйөөмдүн ойношунун үйүнө барып,бетине уксус чачып келсемби?
Следующая статьяУлукбек Кочкоров: “Таза шайлоо өткөрүү үчүн акчага сатып алууну жоёлу”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here