Балам акылдуу болсо эмне кылайын? Айдар менен Максимдин ордун Тай-Мурас ээлегенде…

Тунгуч президент Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар Акаев менен Максим Бакиев аталары бийликте турган кезде болушунча тайраӊдашкан. Аталары кандай укуктарга ээ болсо, уулдары андан ашыра укуктарды пайдаланып, бизнесмендерди тоноп, шапар тээп, сулуу кыздарды каалагандай зордуктап жыргашкан. Башында жөн гана тоноп, ишкерлерди сыздатса, кийин мамлекеттик башкарууга кийлигише башташкан. Экөөнүн кылык жоругу тууралуу узак сөз. Так ошолорду ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тай-Мурас деген баласы жолун улап келе жатат. Октябрь революциясынан кийин Тай-Мурас Ташиев ГКНБнын охранасынын коштоосунда, номери жок баасы 120-130 миӊ долларлык “Рейнж Ровер” унаалары менен жүргөнү айтылган. Көп өтпөй эле Жалал-Абаддагы бизнесмендерди тоноп, акча талап кылып жатканы тууралуу сөз тарап, ишкерлер нааразы болушкан. Жергиликтүү кеӊештердин шайлоосунда атасынын “Ата Журт Кыргызстан” деген партиясы менен Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты болду. Шайлоо кампаниясына акчалай колдоо керек деп, Жалал-Абаддагы ишкерлерге “салык” салып, опузалап 2,3 млн доллардан ашык акча топтоп алган. Муну Жалал-Абадда, “Акмат Бакиев убагында Жалал-Абадды башына кийип алды эле, бирок Ташиевдин баласындай беспредел кылган эмес” деп эскерип жатышат. Ташиев кызматка келгени анын үй-бүлөөсүндө каржылык өзгөрүүлөр дароо байкалды. Маселен, өзү 150 000 еврого самолет жалдап алып, Германиядагы баасы 30 000 евро турган клиникаларга суткасына 1000 евро төлөп дарыланып калды. Аны өзү дагы тастыктап берди. 17 жаштагы уулу Жалал-Абаддагы жакы үй-бүлөөгө 2 500 000 сомго үй сатып берди. Депутат уулу Тай-Мурас Ташиев кечээ Аксыдагы жаратылыш кырсыгы катталган жерге барып, пачкалап акча таратып жүрдү. Жардам бергени жакшы, бирок кыска убакытта миллиондорду сапырып чачып калганынын булагы кайдан келип жатат? Элди тоноп, элге берип пиар кылган популист Ташиевдердин үй-бүлөөсүнө кандай баа берсе болот? Жазында Дубайдан баасы 2,5 миллион доллар Вила сатып алганын журналисттер иликтөө кылып, таап чыгышкан. Жакында эле Жалал-Абадга ГКНБ кызматкерлери үчүн көп кабаттуу 250 орундуу үйдүн курулушун баштады. Аны дагы “белгисиз спонсорлор жардам берип жатат” деп белгиледи. Эмнеге Ташиевдин киреше булактары белгисиз, шек жараткан булактар? Эмнеге ал киреше булактарын жана спонсорлорун так айтпай жатат? Жашыруунун артында эмне болушу мүмкүн, албетте арам акчалар жана мыйзамсыз кирешелер.
Кыргыз пресс

Add your comment

Your email address will not be published.