Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө эки жылдай болгон. Баш кошуу, үй-бүлө күтүү планыбыз
бар болчу. Батыраак ишке ашпай жатканынын бирден-бир себеби туруктуу, кирешелүү жумуш
таба албай жатканында.
Менин ишеничтүү жумушум бар. Үй-бүлө кура берели, экөөбүздүн акча жашообузга жетет десем
көнбөйт. Үй-бүлөнү эркек камсыздаш керек, аял тапкан акчасын өзүнө гана коротушу абзел
дечү. Туура дегилечи, бирок ынтымакташып оокат кыласа болот да, ээ?
Дагы бир ишке аша элек планыбыз апасы менен тааныша электигим. Алдын ала болочок
аяштарымдан кандай аял деп сураштырдым. Алардын айтымы боюнча апасы келиндерине күн
көрсөтпөйт. Аябай каардуу, урушчак аял. Айткандары боюнча элесттесем бар го, жанагы «Келин» деген Индиянын киносу, ошондогу кайын эне. Анандини урушуп эле турат эмеспи.
«Мейли, кичинекей кыз эмесмин. Анан да ар ким ар кандай айта берет эмеспи. Жолдошум
жакшы адам болсо болду», деген ой мага да келди.
Эртең таанышабыз деген күнү көйнөк издедим, күзгүнүн алдында даярдандым. Эми биринчи
«впечатление» кандай болсо ошол боюнча кабыл алышат дейт го. Баары сонун. Мен даярмын.
Жигитим экөөбүз жолго чыктык. Бир сыйра план түздүк. Гүл, торт алдык. Үйүнө жеттик. Жеңеси жаркылдап күлүп тосуп алды. Апасычы? Ал эмнеге сыртка чыккан жок

— Апам базарга кетти эле. Азыр келип калса керек.
Дасторконго олтурдук. Жарым сааттан кийин болочоктогу кайын энем кирип келди. Менин
кыйгач карап:
— Балам ашык болгон кызбы? Кай жердин кызы болосуң? Ата-энең эмне болуп иштейт? Жогорку
билимдүүсүңбү?
Бардык суроолоруна жооп бердим. Бир маалда минтип урушуп кирсе болобу: Сен менин балама
татыксыз экенсиң, башын тегеретип жүргөн окшойсуң.
Аңгыча телефонун чырылдап калды. Алсам жигитим экен.
-Жаным, уктап калдыңбы? Мен сени күтүп олтурам.
Ыя?
Өх, түшүм экен. Айылга жеткиче кабатырланып бардым. Таанышуу менин түшүмдөгүдөй болгон
жок. Апасы мага сүрөттөп беришкендей эмес экен.

Жашоо бирде ылдый, бирде өйдө эмеспи. Кээде бизден өткөн ынтымактуу
жок, кээде тескерисинче.
Предыдущая статьяАУДИО- 19 жаштагы кыз УКМКнын кызматкерин зордуктоого аракет жасаган деп айыптоодо
Следующая статьяКүйөөмдүн ойношунун үйүнө барып,бетине уксус чачып келсемби?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here