Бишкек шаардык кеңешине “Социал демократтар” беш мандат менен ийгиликке жетишти. Сап башында Кадырбек Атамбаев турат. Бул эмнени билдирет? Адилеттүүлүк үчүн баса белгилейли. Түрмөдөгү Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркы жана партия лидери Темирлан Султанбековдун уюштуруучулук жөндөмү аркылуу жетишкендик болду. “Социал демократтар” ыргагын дагы күчөтүп, катарын кеңейтүү менен аракеттерин жанданта беришсе, оппозициялык аянтты алууга киришишсе, күздөгү аламанда да парламентке келип калышы толук мүмкүн. Бийлик көп каталарды кетирип атканда, абактагы Атамбаевдин рейтинги өсүп баратканы талашсыз. Бир эсе эл дагы Темирлан Султанбековдой чынчыл, прогрессивдүү жаштарга суусап турат. Эң башкысы, саясаттын күрөө тамырын талуу жерден кармаганга, төбөлдөргө каршылык көрсөтүүнүн конструктивдүү, туура багытын алыш керек. Жеңиштер дагы алдыда.

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяТурат Акимов: “УКМКны Ташиев алпара албайт. Купуя сырларды сактаганды билбейт!”
Следующая статьяБылыктары көзүнөн чыгып кетпейби? Салымбековдун бузуку жүрүшү

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here