Германияда дүйшөмбүдөн тартын жааган Бернд циклонунун  жамгыры сел агымдарын жаратууда.  Бул тууралуу Жергиликтүү басылмалары жазып чыккан.
маалыматта, Германиянын шаарларынын көчөлөрүндө суунун деңгээли кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатынан өйдө көтөрүлгөн.  Ал эми социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо унаалар көчөлөрдү бойлоп калкып агып, айрым аймактагы үйлөр суунун агымына туруштук бере албай урап баштаган. Ал эми суунун агымынан жансоогалаган жашоочулар бийик кабаттуу үйлөрдүн чатырчаларында жардам күтүшүүдө. 80ден ашуун тургун дагы эле дайынсыз болууда. Ал эми селден каза болгондордун так саны 58 жетип алардын сөөгү  сел суулары кайра тартыла баштагандан кийин гана табылган. Бийлик эвакуация үчүн үйлөлүүчү кайыктарды жана тик учактарды колдонуп, Германиянын армиясы куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 200 аскерин жардамга жөнөттү.
«Өлгөндөр, дайынсыз жоголгондор бар, көпчүлүгү дагы деле болсо коркунучта», — деди Рейнланд-Пфальц федералдык штатынын премьер-министри Малу Драйер аймактык парламентте.
«Биз буга чейин мындай кырсык болгонун көрө элекпиз. Бул чындыгында коркунучтуу », — деди ал.
Хагенде суу ташкынынан бир нече көпүрөлөр талкаланып, полицияга Ребектин Вольм дарыясындагы көпүрөнүн борбордук устуну  кулап, ал эми жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Полициянын айтымында, бейшемби күнү шаардын борборундагы дагы эки көпүрө унаа кыймылы үчүн жабылган.

Предыдущая статьяӨкмөт үйүнүн алдында эркек киши ичин кести
Следующая статьяРоссиялык блогер Ош базардан сатып алган баштыкты 10 000 рублга сатты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here