Бишкек шаарындагы Эски аянтта Максат Абдылдаев аттуу жаран Аламүдүн РИИБдин кызматкерлерин кыйноого айыптап, курсагын лезвие менен кести.

Окуя кечээ, 15-июлда Өкмөт үйүнүн алдында болгон.

Бүгүн, 16-июлда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Абдылдаевге күч колдонушкан деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылы 3-март күнү Чүй ОИИББдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен «Опел Вектра» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаада 1991-жылы туулган Т.А. (айдоочу) жана 1972-жылы туулган А.О. аттуу жарандар болгон.

А.О.нун жанынан 11 даана кутуча табылып, анын ичинде кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал баңгизат экендиги такталган жана анын жалпы салмагы 114 граммды түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү А.О. суралып, ал баңгизаттын ар бир кутусун «Макс» аттуу эркек кишиден 4500 сомдон сатып алганын билдирген.

«Макс» аттуу жарандын өздүгүн аныктоо максатында милиция кызматкерлери
бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары
н жүргүзүп, анын жыйынтыгында
1989-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, 
соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Сотко чейинки өндүрүш учурунда А.М. күнөөсүн мойнуна алган, андан кийин жактоочусу тергөө менен кызматташа турганын билдиргендиктен, А.М. үй камагына чыгарылган.

Ал буга чейин дагы Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин үстүнөн тиешелүү органдарга арыз менен кайрылганы белгилүү. Абдылдаев тарабынан айтылып жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт», – деп айтылат Чүй ОИИББдин маалыматында.

Предыдущая статьяСыймык Жапыкеев: «Кант диабетинен улам ден соолугум аябай начар болуп саясатка аралаша албай жатам»
Следующая статьяТынымсыз жааган ак жаандан көпүрө кулап бир топ адамдар жабыр тартты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here