Элнура Кулуева: «Чындай келгенде сиздин ак чепкенди жумгалдык беш кемпир да кийбет»

Токиодо болуп өтчү Олимпиада оюнуна карата спортчулардын кийимин тиккен дизайнер Дилбар Ашимбаеванын дизайнды түшунбөгөндөр деген сылык сыпаа интервьюсуна журналист Элнура Кулуева фейсбук баракчасынан жооп жазып чыкты. Анда: “Бишкекте төрөлгөн Ашимбаева Дильбар айым, эч качан элди басырмалап сүйлөбөңүз. Учурунда Алмаз Шаренович да басмырлап сүйлөп, ошол элге зар болгон. Жумгалдыктар, чаткалдыктар бүтүндөй эл. Ооздон жаңылган турбайт. Эсиңиз болсо кечирим сураңыз. Кечээки олимпиадага тиккен кийимдериңиз жалпы кыргыз элинин сынына кабылды. Хоха вариант болуп калганын мойнуңузга алыңыз. Турбазадан 150 сомго матерал алып «Дильбардын көйнөгү» деп 50 миңге сатып койгон учур эмес. Ак чепкениңизден жана тантыган сөзүңүздөн рейтингиңиз талп деп жерге түштү. Чындай келгенде сиздин ак чепкенди жумгалдык беш кемпир да кийбет. Айшакан сандыктагы чоң энесинин ак чепкенине… шайы көйнөгүнүн гүлүн кесип чаптап алгандай эле болуп калган . Бул чындык”—деп жазат.

Add your comment

Your email address will not be published.

1 комментарий

  • Жыргал 1 год ago

    Мен да кошулам,туура. Мага да жаккан жок,спорттук кийим болсо туура болмок. Ал жакка сахнага ырдап чыгуу учун бараткан жок да

    Reply