Депутат Каныбек Иманалиев: «Мындай шайлоо менен Кыргызстан катастрофага кабылат»

Аралаш шайлоо мыйзамы өлкөнү саясий талкалоого алып келет. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев парламенттин жыйынында билдирди.

-Бул мыйзам биринчи эле саясий окуяда курман боло турган кодекс. Экинчиден, мисалы, Нарын облусунун мисалында айтсак, азыр Нарында 6-7 депутат бар, сиздин кодекс өткөндөн кийин бир депутат болуп калат. Нарын элинин кызыкчылыгы үчүн 6-7 депутат парламентке келгени жакшыбы, же бир депутат келгениби? Элдин укугун азайтып жатасыз. Мындан тышкары, депутат эки жолудан ашык шайланып келе албайт деп жазыптырсыз, мындай укукту сизге ким берди? Дүйнөдө андай жок, диктатордук мамлекеттерде гана болот. Чапталбай тургандарды чаптап, иштебеген кодекстерди алып келиптирсиз. Муну менен Кыргызстан катастрофага барат. Ансыз да ар бир чатак шайлоонун айынан пайда болот”-деп БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабековага кайрылып жатып саясаттын келечеги талкаланып жатканын ачык билдирген.

Add your comment

Your email address will not be published.