Кымбаттуу эже –сиңдилер сиздердин жакшы пикирлериниздерге муктажмын. Беш жыл мурун эки кызым менен жолдошум экөөбуз ажырашып кеткенбиз. Биздин ажырашуу кайын –журттун кийлигише бергенинен улам болгон.  Арадан эки жыл өтпөй чогуу иштеген бир адамга турмушка чыккам. Ал адам аялга да балага да жакшы мамиле кылган кең пейил болучу. Турмушка чыкканымдан тартып улуу кызым өз өмүрүн кыяюга бир нече жолу аракет кылды. Кийинки жолдошумду ата катары кабыл албай ага да бир топ жолу тил тийгизди. Акыры кыздарымдын кыялына чыдабай кайрадан ал адам менен да ажыраштым. Бул менин айла жоктон болгон чечимим болду. Жалгыз бой шаар жеринде батирде туруп эки кызды багуу да кыйын экен. Эми кыздарымдын атасы кайра келип кечирим сурап мени кечире турганын айтып жатат. Эми эмне кылышты билбей турам. Жүрөгум экинчи жолдошумду каалап турат, кайра барганда кайрадан кайын журттун кийлигишүүсу кайталанса эмне кылам.

Предыдущая статьяАбысынымды мага мени ага шыбай беришет эмне кылсам болот?
Следующая статьяКүйөөмдүн бул жоругу үчүн барына ушак болдук

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here