Байбиче үчүнчү кабаттын терезесинен кулап каза болду

Бишкек шаарында үчүнчү кабаттын терезесинен байбиче кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарынын 8-кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен 75-жаштагы байбиче кулап кетип дүкөндүн чатырына түшкөн. Байбиче кырсык болгон жерде калуп калган. Аялдын сөөгүн ӨКМнын кызматкерлери сынып кеткен чатырчанан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине тапшырып беришти. Азырынча окуянын чоо-жайы аныкталууда.

Add your comment

Your email address will not be published.