Вт. Янв 25th, 2022

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артём Новиковдун атасы Эдуард Новиков каза тапты. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы кабарлады.

Новиковдун эмгек жамааты ага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

Артём Новиков жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде атасы кеме капитаны болуп, көп жер кыдырганын айтып берген. Бирок уулу Артём төрөлгөндөн кийин жумуш ордун которгон. Кийин көп жылдар бою Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, ишкерлик кылган.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *