Вт. Янв 25th, 2022
Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова жеке фейсбук баракчасына жазды:
Камчыбек Ташиевдин баласы кандай кызматта? Кайрымдуулук кылып, маал-маалы менен айыл аралап калышат. Акча кайдан дейм да. Башкалар деле ошентели дейт, өздөрүнөн артпай атпайбы…
Бизде Президенттик кресло баш болуп бардык кызматтар үй-бүлөлөр үчүнбү же башкаларда деле ошондойбу? Кимдир бирөө кызматка келсе эле үй-бүлөсү, тууган-уругу көзгө илине баштайт. Жогорку Кеңешке депутат болгондордун балдары шаардык кеңештин депутаты болот же ушундай болуш керекпи?
Карапайым адамдардын үй-бүлөсү, бала-бакырасы, тууган-уругу тырмалап оокат кылып жүрө берет. Калың букара болуп жүрө бергенибиз маңдайга жазылган эле тагдырбы? «Кудай сүйгөн адам Падыша болот» деп аттыңар эле өткөндө. Ошондо калың эл «Кудайдан жөө качкандарбы» же кандай?
Бөксө мээ адамга делбе суроолор келе берет экен да. Мээлүүлөрдөн сурайын
эле дегем. Тилдеп кетпей эле «кругозорумду» өстүрүп койгула, макулбу

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *