Алмаз Атамбаевдин түрмөгө отурушу Темирлан Султанбековдун багын ачты. Кадыр Атамбаевди алдыга салган болуп, Раиса Атамбаеванын ишенимине кирип, партиянын уюштуруучулук-каржылык иштерин колго алды. Бул албетте, анын партиялаштарынын катарында аброюн көтөрдү жана анын натыйжасында Атамбаевдердин ысымы саясий чөйрөдө басаңдагандай болду. Бул ачык эле көрүнүп турат.

Шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн тизме түзүүдө эле Т.Султанбеков менен К.Атамбаев үгүт иштерине дешип кандидаттардан 300 миң доллардан акча алышкандыгы маалым. Бирок, алар үгүт учурунда иштегендерге жана координаторлорго эмгек акысын төлөп беришпей, нааразы болуп, артынан сүйлөп, айрымдары эшик кагып, аларга дагы деле барып жүрүшөт.

Анткен менен «май кармаган бармагын жалайт» болуп, Т.Султанбеков апасына кымбат баалуу белек алып бериптир. Муну укканда, акча берген кандидаттар Т. Султанбековдун үстүнөн арыз жазууну пландашат, бирок, Алмаз Атамбаевдин бул персонасы ар кандай учурларда керек болуп калат дешип, токтошуптур.

Болбосо, куру сөз менен эле бакылдап, иш жасабаган Султанбековдун ораторлугу деле партиялаштарынын курсагын тойгузбай калган экен. Атамбаевдердин атын пайдаланган бул эргулду болбосо эл эмес, өзүнүн туугандары деле жакшы кабыл албай, психологдун кеңешин алышы керектигин айтышып, тели-теңтуштары деле Атамбаевдин арты менен жылдыз болгон баланы катмарларына кошпой, алыстап калышкандыгы айтылып калды.

Өзүн ушунчалык жакшы көрүп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өзгөлөрдү пайдалануу же башкалардан өзүн жогору сезүү, акылдуусунуу деле кудайга жакпаган иш. Кадыр Атамбаев деле аны сүйүп жатпаса керек. Партиянын аты чыгып турсун деген эле кеп да.

Предыдущая статьяБекешев: «Октябрдагы окуя болбосо, Матраимов премьер-министр болмок»
Следующая статьяЧыпалак баатыр: Садыр Жапаров менин өнөрүмдү баалап, үйүнө чакырды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here