Нурзат Токтосунова кайрадан турмушка чыкты

Нурзат Токтосунова  кайрадан ак жоолук салынып, толук кандуу түтүн булаптып жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жазып чыгып, азыркы жолдошу тууралуу да маалымат берген. Анда ал: “ Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Стористен көрүп, көп сурай баштадыңар. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу. Буюрса баары жакшы. Аллага шүгүр. Силерде да жакшы болсун. Ушул жазууларды окуган ар- бир инсанга бакыт каалайм. Кененирээк кийинки посттордо…”-деп аяктаган. Нурзатка бакыт каалап, кармашкан колдору бекем болсун демекчибиз.

Add your comment

Your email address will not be published.