Пт. Янв 21st, 2022

Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов «жогорку билим талап кылынбаса фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби» деп таң калды.

Жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып Конституцияда дагы жогорку билим талап кылынбастыгын белгиледи.

Учурда парламентте шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

«Жогорку билим талап кылынбайт, анткени бул эл өкүлчүлүк кызматты аткарган орган. Ар бир саясатчы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, билими жок болсо депутаттыкка барбайт деп эсептейм», — деди Шайлдабекова.

Эл өкүлү Калдарбек Баймуратов «фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби» деп таң калды.

Белгилей кетсек, мындай норма учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарда дагы бар. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинде мындайча жазылган: «Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу».

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *