Сокулук районунун Дача-СУ айлында 26 жаштагы жигит атасына 20дан ашык ирет бычак уруп өлтүргөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашкан.

Аталган маалыматка таянсак, 4-июлда милиция кызматкерлерине Дача-СУ айылынын тургандарынан маалымат түшкөн. Алар айылда түшүнүксүз жагдайда сөөк коюу тажиясы болуп жатканын айтышкан.

Айылдагылардын бири сөөктү жууганы киргенде анын денесинен көптөгөн бычактын тактарын көргөн. Окуя болгон жерге келген милиция тажияны токтотту.

Тергөө маалында 1966-жылы туулган эркекти 1995-жылы туулган уулу бычактап салганы белгилүү болду. Каза тапкан кишинин аялы ошол күнү Бишкекке кеткен. Уулу дайыма арак иче берген атасы менен калып, экөө уруша кетишкенде ал атасына кол салып, бычактап салган жана андан кийин жуунуп, килемди тазалап, ага атасын ороп, көчөгө чыгып атасынын кокустан эле өлгөнүн кошуналарына кабар берген. Ошол эле күнү молдо чакыртып, бозүй тигип, сөөктү тез арада көмүүгө аракет кылган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү камалды.

Предыдущая статьяАсел Кадырбекова үйлөнүү үлпөт тоюна чейинки жашоосун, тоюн жана кырсыкка учураган видеосун клип кылып чыгарды
Следующая статьяКурман айтка байланыштуу кыргызстандыктар төрт күн эс алат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here