Асел Кадырбекова кырсыктан кийинки алгачкы клибин тартуулады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасына “Кечикпечи” деп жарыялады.

Премьерасы бүгүн, 14-июлда саат 17:00дө Асел Кадырбекованын YouTube каналына чыкты.

Клиптин мазмуну – жай турмушта пенделикке моюн сунбай бири-бирине кол сунуу, жакшы сөз айтуудан кечикпөө, сабырдуу болуу жана кыйынчылыктарды жеңип, эч качан артка чегинбөө керектигин  баяндайт. “Кечикпечи” аттуу  ыр 3:13 мүнөттү түзөт.

Клиптин кыскача анонсунда Асел Кадырбекованын үйлөнүү үлпөт тоюна чейинки жашоосу, тою жана кырсыкка учураган видеосу, аны менен катар Түркия мамлекетине барып дарыланган учуру камтылган.

Предыдущая статьяНеля Нуркулова: “Бири сүйүктүүсүн тапты, экинчиси жоготту…”
Следующая статьяДача-СУда жаш жигит атасын бычактап өлтүрүп, тез арада көмүп салмак болгондо кармалды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here