Негедир бир нерсе көкүрөгүмдү өйкөп турат. Ал менин эртенки күнүм. Алты жылдан бери чыдап, күйөөмдүн жаман сөзүнө кулак жапырып жашап келгем. Акыры чыдамым да түгөндү окшойт. Түндөгү чырына чыдамым жетпей бүгүн тан атпай кийимдеримди жыйнап алып чыгып кеттим. Анын заар тилине мазактоосуна бул жолу намысым чыдабады.  Иш сапарынан келген сайын уруш чыгарып, мени адам катарынан чыгарып салат. Ортодо бала болбосо балким ошого ушундай чыр болуп жатабы деп өзүмдү күнөөлөп, бир да жолу үйдөгу чырды сыртка чыгарбай бактылуу үй-бүлөнүн катарын толуктап келдим. Башкаларга бактылуу көрүнүүгө аракет кылдым. Ичимден ириң өтүп жатса да жылмайып жашадым.  Бул жолу жаңыдан түйулдүк болуп чоңоюп жаткан наристеме сөз тийгизди. Алты жылдан бери ушул наристе үчун баарына чыдадым эле го. Наристем төрөлсө деле ушукндай жаман сөздү угуп, күйөөмдүн алдында басынып жашагым келген жок.

Кеч боло электе баарын жаңы барактан баштагым келди. Жашоомду өзгөрткүм келди. Балким күйөөм тапкан акчасына минген машинасына чиренип жаткандыр. Байлык да кызмат да колдун кири бирок көңүл табылбайт. Балким бир мезгилде каражаттан кыйналаармын бирок балам мендей болуп кор болбой эркин чоңоет. Канчалык оюмду башкага бурсам да кулагыма күйөөмдүн “ит деле кет десе кетет, үйүмдү бошотуп чыгып кет. Сен сөздү түшүнөсүңбү чыгып кет”-деп мага атырылып кыйкырганы кетпей жатат….

Айым

Предыдущая статьяАсыранды экенимди билгенден кийин күкүк энемди көргүм келет
Следующая статьяАялыма болушканымды көргөн апамдын сөзү көз жашымды агызды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here