«Кичинемдин сөөгүн таппай атам»: 2 кызы, 2 жээни, апасы, карындашынан айрылган Нурлан

6 кишиден айрылган Нурбектин күйүтү. Апасын, карындашын, 2 кызын жана 2 жээнин сел агызып кетти
«Күн алыс жайлоодогу чатырга барып, ал жактагы мал-жанга көз салып, кайра үйгө келчүбүз. Үй менен жайлоодогу чатырдын аралыгы 3 чакырымды түзөт. Кечээ кыздарым, апамдар жайлоого барып келели деп туруп алышты. Эмнегедир аларды жибергим келген эмес. Бирок эми эле тили чыгып келе жаткан 2,5 жаштагы Фатимам: “ата, эшек минем” дегенинен уруксат бергем. Анан да карындашым жакында эле Бишкек шаарынан балдарын көргөнү келгендиктен бир аз эс алып келишсин дегем

Add your comment

Your email address will not be published.