Мен өзүмдү бир үйдүн эрке улуу кызы катары эсептеп келгем. Ал эми бүгүн мен асыранды кыз экенимди билдим.

Мындан 20 жыл мурун мени ата-энем асырап алышыптыр. Бирок бир жылдан кийин алар ажырашып эки башка жолго түшүп мени таэнем багып чоңойтуптур. Азыр апамдын башка бүлөсү бар, андан балдары бар. Мен аларды бир тууганым деп келгем. Бой жеткенден кийин апамдан атамды сурасам билбейм кабарым жок деп койду суз гана. Бирок мен атамдын фамилиясында элем. Акыры сураштырып жүрүп атамды таптым. Апама айтпай барып жолуктум. Анын да үй бүлөсу бар экен. Ага таарынычымды айтып ушунча жыл эмнеге келген жоксуз десем ал мага башка чындыкты ачып берди. Алар мени Ош шаарында иштеп жүргөндө чала тааныш бирөөлөр аркылуу асырап алган экен.  Бул сөз мен үчун күтүүсуз болду. Апаман сурасам акыры багып алгандарын мойнуна алды. Бирок ал мени өз кызы бойдон калышымды суранды. Ошол ундөн тартып дүйнөдөгу эң жакын адамдарым алыстай түшкөндөй болду. Азыр мен кызыл эт чурпөсүн таштап кеткен күкүк энемди көргүм келип жатат. Кантип өз баласын таштады энелик мээрим бар болду бекен деген суроо оюман кетпей жатат. Төрөт үйүнөн тааныш аркылуу асырап алынган балдар каттоодо болобу?

Аруузат

Предыдущая статьяДосумдун аялы сойку, кээде үйүнө барып турам…
Следующая статьяКүйөөм мени кет ит да кетип калат деп үйдөн кууп чыкты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here