Боомдоргу кырсыкта лагерге бара жаткан балдардын арасында ырчы Самат Долотбаковдун кызы да бар болгон. Бул тууралуу Айида Долотбакова  инстаграмм баракчасына жазып чыкты.

«Бул жашоодо эч ким кырсыктан камсыздандырылган эмес! Кудай Боомдогу коркунучтуу кырсыктан бардык балдарды сактап калды. Жаракат алгандар бар. Алардын арасында кызыбыз Аэлин да бар. Ал катуу стресстен, көгөргөндөн, мээси чайкалган. Бүгүн биз ЮРФАда болдук, МРТ, омуртканын рентгенографиясы жана моюн сөөгүн тарттырдык. Эртең анализдер чыгып, дарылоо дайындалат. Бул кырсык ушул автобустар менен кайтып келе жаткан башка балдар үчүн эң жаман кырсык болсун! Мунун баарынын болушунун бир нече себептери бар, сот аныктап берсин»-деп билдирет.

 

Предыдущая статьяКолунан эч нерсе келбейт деген жеңем апамдын оозун ачырды
Следующая статьяУКМКда сурак берип жаткан Данияр Нарымбаев «Бикардка» жаткырылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here