Эки жыл мурун турмушка чыгып, бирок кайненем бир балалуу болгондо мени төркүнүмө жеткирип мага айтпай күйөөмө аял алып берип койду. Чогуу жашаган кезде бир да жолу ортобузда нааразычылык деле болгон эмес болгону биз үйлөнгөндө кайненем “өзүбүзгө тең жердин кызын алсак дечү элем, уулум сүйдүм деп каяктагыны алып келди ”- деп сиңдилерине айткан эле. Бирок ал сөздү угуп ыза болсом да төркүнүнө маани берген эмесмин. Күйөөмдүн үйлөнгөнүн бир туугандарым уккандан бери менин баламды жемелеп, жек көрө башташты. апам болсо ачык эле элдин кыздары жакшынакай эле жашап журушөт, сен эптей албай эмнеге келдиң деп уруша берчү болду. Бир жылдан бери жемелөө жек көрүүдө жашап чүнчүп да кеттим. Иштейин десем баламды караганга киши жок. Күйөөм болсо бир да жолу басып келип уулун сураганга жараган жок. Бала менен кандай жумуштар бар. Бала менен иштеген эжелер мага багыт бергилечи. Бир жарым жашар бала менен бала бакчага кире аламбы?

Предыдущая статьяЭки баламды жоготтум, күйөөмдүн ою талаада
Следующая статьяБилим берүү жана илим министри Болотбек Купешов иштей албай атат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here