Аксы районунун Ак-Жол айылында болгон селден бир үй-бүлөнүн 5 кыздан кийин көргөн 12 жаштагы уулу каза болду. Бул тууралуу SUPER. KG порталына айылдык кеңештин төрагасы Жалынбек Алыбаев билдирди.
«Сел алып кеткен үйдө негизи эч ким жашачу эмес. Үй ээлери жайында эс алганы гана барып жашашчу. Кырсык болгон күнү бир киши уулу менен мал караганы барып, жамгырда уулун ошол үйгө кирип тур деп киргизген экен. Өзү кырга мал караганы бара жатса эле сел үйдү түп тамыры менен агызып кетиптир. 12 жаштагы бала бир үй-бүлөнүн 5 кыздан кийин көргөн уулуболгон, андан кийин 5 жаштагы иниси бар. Ал бүгүн, 13-июлда саат 15:00дө жерге берилет. Ал эми 6 адам каза болгон үйдө бир аял 4 небереси жана бир кызы менен болгон. Алар саат 16:00дө жерге берилет. Ал эми 2 жарым жаштагы кызды издөө иштери уланууда»,
— дейт Алыбаев.
Предыдущая статьяОкуучулар 50 сомдон чогултуп, сойкуканага барып, оору жугузушту
Следующая статьяАр кимге асылган Темирлан Султанбеков Атамбаевдин күйө баласы болуп чыкты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here