“Бирөө кечерге кечүү таппай атса, бирөөлөр ичерге суу таппай жатат” деген кыргыздын сөзү эске түшөт. Ошентсе да учурдагы каатчылык жанга батты. “Быйылкы кургакчылыктын айынан күзгү түшүмдүн начар болору алдыртан болжонууда. Азык-түлүк кризиси, кымбатчылык күчөсө, саясый кырдаалдын чыңалышына өбөлгө түзүлбөйбү?” деген собол таштадык.

Айбек Бусурманкулов, экс-губернатор:

— Эми бу азык-түлүк кризиси, каатчылыгы көп нерселерге көз каранды болуп атпайбы: табияттын өзгөрүлүшүнө, суунун аздыгы, кургакчылык – бул сөзсүз түрдө түшүмгө өз таасирин берет. Бул жагдайды карапайым эл түшүнүү менен эле кабыл алышы мүмкүн. Бирок, саясый кырдаалдын чыңалышына саясатчылар азык-түлүк каатчылыгын кандай багытта колдонушат деген маселе жаралбай койбойт. Оппозиция жээгинде жүргөндөр оппозициялык маанайда, ал эми бийлик бутагындагылар кандайдыр бир жүйөлүү себептерин айтышаттыр. Канткен күндө да оппозициялык саясатчылар коомдук пикир жаратышып, саясый кырдаалдын чыңалышына жол чаап коюшу мүмкүн…

Медер Алиев, эксперт:

— Дүйнө жүзүндөгү баардык мамлекеттер сыяктуу, биз деле пандемиянын арты менен көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүп жатабыз, өзгөчө экономика секторунда. Быйыл болсо кургакчылык кошулду. Кыргызстан башка өлкөлөрдөн өзгөчө өлкө, саясый табияты дагы бөлөкчө, коңшу мамлекеттерден айырмаланып турат. Кыргыздар илгертен бери эмне деген сыноолорду башынан өткөргөн жок, бирок улут катары, мамлекет катары жок болуп кетпеди.

Мен ойлойм, бул экономикалык оор сыноолорду дагы татыктуу өткөрөбүз. Ага бир канча себептер бар. Эң ириде коомчулук позитив менен жашаганды үйрөнүүсү керек. Жамандын арты жаман. Ар бир адам жакшы нерселерге умтулуп, изги тилек, аруу максаттарды алдыга койгонду жана аны жүзөгө ашыруу жагына кадам таштайлы демекмин.

Булак: Азия News гезити

Предыдущая статья«Улуу Журт» партиясы «Эмгек» партиясын добуш сатып алганы үчүн айыптоодо
Следующая статьяКара-Балта: Элдин жашоосу начарлап, үйүндөгү оокатын чыгарып сата баштады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here