Үмүтбекти өлтүргөн Кашкар Жунушалиев качанкыга чейин “крысадай” жашынат?

5-6-октябрдагы башаламандыкка себепчи экс-министр Кашкар Жунушалиев ушул күнгө чейин “крысадай” качып жүрөт. Жүздөгөн жарандарыбызды жарадар кылып, Үмүтбекти өлтүртүп, эч бир жазага тартылбаганы Кудайга жакпады. Өлгөнчө качабы? Бул бийлик жазалабаса, кийинки келгендер сөзсүз жоопкерчиликке тартат. Себеби, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка туура баа берилбесе, талылуу көйгөй коомдун жарасы катары баары бир жарылат. Бул дүйнөнүн кесели тиги дүйнөгө кетпейт. Акыры бир жерин жыртып чыккандай аянычтуу жообун алат. Демек, Кашкар Жунушалиев элден чыгып, каргышка калуу менен өмүр бою бекинип жүрө албайт! Жаңы бийликтин бетине көө сүйкөгөнү аз келгенсип, тарых алдында адам өлүмү, мыкаачылыгы үчүн жооп бериши зарыл. Болбосо элдин көксөөсү суубайт!

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.