Үлпөт той өткөрө албайт деп чанган жигит менен жашыруун жолугам

Үлпөт той менен турмушка чыгам деп бактымдан кол жуудум. Мындан эки жыл мурун бир жигит менен сүйлөшүп турмушка чыгуумду сурап калды. Чынында мен үлпөт той менен ак көйнөк кийип турмушка чыккым келди. Ага той өткөрөлү дедим. Ал азырынча той бере албай турганын айтып калды. Апам да жалгыз кыз болсон той бериш керек деп туруп алды. Акыры ал жигит менен кол үзүп кетим. Кийинки жылы башка бирөөгө турмушка чыктым. Ал той өткөрөбүз деп бирок  айткан сөзүн аткарган жок. Бир жылга жетпей мага кол көтөрө берди. Акыры тажагандабаламды алы төркүнүмө баса бердим. Бир жума мурун бир кезде той бере албаганы учун таштап кеткен жигит менен жолугуп калдым. Ага болгон сезим оту кайрадан жанып бирок бир бала менен кантип турмушка чыгам деп отурам.  Апам болсо баланды ала кет мен бага албайм деп койду. Азыр бир жашыруун жолугушуп жүрөбүз.

Add your comment

Your email address will not be published.