Бир сырым менен бөлүшкүм келди. “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген макалга маани берчү эмесмин. Он жыл мурун ар кандай себептер менен эки жолго түшкөн сүйгөн адамымды капыстан көчөдөн жолуктурдум.

Бешенеме жазылган тагдыр экен. Мен башкага турмушка чыктым. Андан бери арадан он жыл өттү. Мен бактылуу боло алган жокмун. Күнүмдүк тирлик, басынган, көңүлүм ооруган, ажырашып кетким келген күндөр көп болгон. Мени баалабаган, көбүрөөк басып турган адам менен дале жашоо улантууга аргасызмын. Ал балдарымдын атасы да.

Аны жолуктурганда жүрөгүм бир заматка токтоп калгандай болду. Апкаарып, демим оорлошо титерген үн менен араң ден соолук сураштым. Заматта сезимдериме бүлүк түшүп, ичимде эмнелер болгонун өзүм гана сезип турдум. Анын баягы эле тамашакөй сөздөрү жүрөгүмдү ыйлатты. “Өзгөрүпсүң. Эртең өлүп калчудай маанайың суз” дейт. Акырында “өткөн күндөрдү эстеп сүйлөшүп турсак болобу?” деди. Жүрөгүмдөн канча каалап турсам да, “жок, мүмкүн эмес” дедим.
Ошол… Аялдар үй-бүлөнү ойлойт экенбиз. “Үй-бүлөм бузулбасын, балдарга убал болбосун” деп өзүмдү, сүйүүмдү курмандыкка чалып, кете бердим. Болбосо мамилебиз кандай уланаар эле, табышмак…

Жанара 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статья5 мүнөттүк уруш, 20 жыл жашаган күйөөмдүн жүзүн ачты
Следующая статьяКүйөөм төрт эрден чыккан беш балалуу аял менен жүрөт…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here