Аз күн мурун Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарыптыр. Кыргызстан 160-орунда турганы шардана болду. Бул эмнени билдирет? Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарым жыл мурун вакцина алууга кол койбой, баш тартып койгону эсиңердеби? Качан гана вирус күч алганда тыбырап жатып калды. Элдин убалын кантебиз? Ооруган адамдар 20 миң сомго чейин (анализ акыларын кошкондо) дарыланып жатышат. Ал эми акчасы жоктор катуу кеселге кабылышып, майыпка айланып жатышканы жалганбы? Учурда ковид жапырт жайылып кетти. Министрлик алдын ала чараларды көрбөй, элди апааттан сактап калууга аракет жасаган жок. Былтыркы трагедиядан сабак алып, караңгыдан көз тапкандай жолду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Тилекке каршы, баары теңирден тескери кетти. Жыйынтыгында, ооруган катмар күзгө дейре азап чегет. Жоготуулар дагы көбөйөт. Дал ушундай кейиштүү көрүнүшкө жеткизген Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилиги каралабы? Бүтүндөй бир элдин убалынан коркпогон, уу коргошун менен мазактаган министрге кандай жаза колдонобуз? Дагы эл азап чегет, анан ошондо көргүлүктү көрөсүңөр го…

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКүйөөм төрт эрден чыккан беш балалуу аял менен жүрөт…
Следующая статьяҮмүтбекти өлтүргөн Кашкар Жунушалиев качанкыга чейин “крысадай” жашынат?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here