Бир түндө аялын менен кызын тааныбай, басып өткөн жолунун баарын унутуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта, АКШнын Техас штатынын жашоочусу 36 жаштагы Дэниел Портер 2020-жылдын аптаптуу июль түнүндө эс тутумунжоготуп ойгонгон. Ал 1990-жылга аттап, өзүн 16 жаштагы окуучу деп эсептен мектепке барууга даярданып жаткан. Ал эми аялы менен кызын болсо чочун адамдар катары кабылдап, чыгып кетишин талап кылган.  Качан күзгүдөн өзүн көрүп эс учун жоготкон. Күйөөсүнүн таңкалыштуу абалынан кийин аны ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер ага убактылуу эс-тутумун жоготуу деген диагноз коюшкан. Мындай эс тутумдун жоголуусу 2-8 саатка, айрым учурда бир суткага чейин созулат деген жыйынтык чыгарганы менен жаран арадан бир жыл убакыт өтсө да эс-тутум калыбына келген эмес. Ал жашоосун мурдагыдай эле өткөрүп бирок аялы менен кызын чоочун адам катары кабылдап келет. Азырынча бул оорунун эмнеден келип чыкканы тактала элек.

Предыдущая статьяКыргызстанда карантин киргизилеби?
Следующая статьяТаалатбек Масадыков жаңы кызматка дайындалды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here