Атамбаев Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын берген деп айыпталууда

Экс- президент Алмазбек Атамбаевге каршы иш ачылды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы 2016-жылы Кыргыз Республикасынын паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси «Коррупция» боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын төрагалыгы астында (ал кезде Алмазбек Атамбаев бийликте) Фарид Ниязовдун кызматкерлери, Түркия Республикасынын он жаранын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.
Ошол эле 2016-жылы он түрк жараны Атамбаевдин жарлыгы менен жарандык алышкан. Аларга паспорттор мыйзамсыз берилген.

Тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-аракеттери сотко чейинки процесстин алкагында бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн улантылууда.

Буга чейин Орхан Инандага паспорт берүү боюнча текшерүү башталган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин директору Орхан Инанданын кош жарандыгы бар экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын паспортун 2012-жылы алган.

Add your comment

Your email address will not be published.