Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Мирланбек Исмаилов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына уурдалып кеткен Орхан Инан боюнча пикирин билдирди.

«Кечириң бизди Орхан агай….. Айта турган жаза турган ушунча сөз кайгы бар бироктор көп. Тарых баарын өз ордуна коет Орхан бей. Хандар кетет эл калат. Тарыхта жакшы иш кылгандар эч качан өчпөйт түбөлүк калат! Өз элин кордоп зулум кылгандар бул жалган дүйнөдөн кеткен күнү унутулат жана кече ага алкыштагандар алардын мүрзөсүнө түкүрүшөт. Орхан агай Кыргызстанга эбегейсиз салым кошту буну эчким, эч качан жок кыла албайт. Тарыхта алтын тамгалар менен атыңыз жазылды агай. Сабыр кылың Орхан бей, Аллахым пендесине көтөрө алатурган сыноо берет дешет. Демек бул дагы убактылуу»-дейт ал.

Мирлан Исмаилов, Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимовдун уулу. Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы.

Предыдущая статьяШефиме мен аябай жагып калдым, күйөөмдү, баламды кантем?..
Следующая статьяКызарган жерге жулунган Сыртбай Мусаев качан тоёт?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here