— Кана, кириңиз, көзүңүздү ачыңыз.
— Ой…
— Сюрприз!
— Ой, балам, чын элеби? Көргөн көзүмө ишенбей турам… Айланып кетейиндер…
— Жактыбы апа?
Апама кошулуп мен ыйладым. Күйөөм ары-бери чуркап баарын көрсөтүп жатты.
— Мына, апа, бул жерге жаңы столдорду алыдырттым. Бул бөлмө ванна менен туалет. Кыштын
күнүндө сыртка чыкпайсыз. Ысык суусу дагы Эми кир жууп убара болбойсуз. Машина
дагы алып койдум. Бул жакта ашкана. Бул жерге жаңы керебет менен матрас койдук.
Сандыгыңыз бул жерде. Сонун болуп калыптырбы? Терезелерди жаап койсоңуз,
кошуналарыңыздын ызы-чуусу, койлордун маараганы угулбайт.
— Айланайын балам, мынча убара болдуң. Мага ушул деле болмок…
— Жок, апа, эми сиз сый көрүп төрдө отура турган жашка келдиңиз. Анын үстүнө сүйгөнүмдүн
апасы болосуз. Сиз кубансаңыз, ал кубанат. Ал кубанса, мен кубанам. Анан баарыбыз кубанып, мп,
беш бармак жейбиз. Туурабы?

Экөөнү карап ыйлап тура бердим.
Мен эски жер тамда өскөм. Апам эжем экөөбүздү жалгыз тарбиялады. Атам каза болгондон
кийин турмушка чыкпай койду. Кышында суук, жайында ысык. Үйдүн ар жеринен жарака
кеткен. Туугандар келип жардам бергендин ордуна сынап кетишет. Классташтарым дагы «үйүң качан кулайт» деп көп шылдыңдашчу. Апам байкуш кыбырап бир нерселерди кылат. Жамгыр
жааганда баары бир потолоктон суу агат эле. Түндө тазикке тамган суунун айынан уктай албай
чыкчубуз.
Кошуналар дагы үйбүзгө кирчү эмес. Апамды теңине алышпайт. Байкуш, апам ай. Ак
көңүлдүгүнөн ар кимди үйгө чакыра берет эле.
Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө үйгө чейин жеткирем десе болчу эмесмин. Бир жолу
чыдабай айтып салдым.
— Жүр, көргөзөм. Мен сага калп айта албайм. Мына, менин үйүм. Апам байкуштун тапканы эжем экөөбүздөн артчу эмес. Сага үйүмдү көргөзгөндөн уялып жүрдүм. Бирок, туура эмес кылыпмын. Бул менин балалыгым өткөн жер. Сен билишиң керек. Ооба, турмуш-шартыбыз сеникиндей
эмес. Бирок, мен тынбай аракет кылам. Ушул үйдү бузуп апама үй салып берем. Дайыма үйүңдү
көрсөт дей бересиң. Мына! Мына!

Ызаланып ыйлап жаттым. Жигитим унчукпай үйүмдү карап турду. Анан мени кучактады.
— Акылсызым десе, мен сени жакшылап билгим келди. Кайда жашайсың билгим келди, кантип жашайсың эмес. Сен баскан жерлерди бассам, сага дагы жакыныраак болом деп ойлодум. А сен туура эмес түшүнүп алдың. Тарт мурдуңду. Жүр, балмуздак алып берем. Баса, бул мен
көргөн үйлөрдүн эң сонуну болду.
Апамдын туулган күнүндө бир айга пансионатка жолдомо берген. Анан ал кеткенден кийин минтип үйдү ремонттоптур. Мага дагы айткан эмес. Жумушта кармалып калдым деп эле кеч
келчү. Эми минтип сюрприз кылып отурат. Бул жакшылыгын эч качан унутпайм.
Предыдущая статьяВИДЕО-«Психикалык жактан жабыркайт» Анжелика Ажарага катуу айтты
Следующая статьяАялым менен баламды таштап, орус сүйгөнүмө кетсемби?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here