УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сырттан келип, маалымат жыйынын өткөргөндө мамлекет башчысына жана башка чоң кызматтарда тургандарга жалаа жаап, мазактагандарга, эл арасына жалган маалыматтарды таркатып, радикалдык аракеттерге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыргандарга карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Бирок, анын айткандарын айрымдар социалдык тармактарда сөз эркиндигине, демократияга каршы басым-кысым, оппозициядагыларды Ормон опуза менен коркутуп-үркүтүү катары көрсөтүп жатышканына күбө болуп атабыз.

Биз алардан сурагыбыз келет: УКМКнын башчысы демократияны жана сөз эркиндигин чектөө жөнүндө бир нерсе айттыбы? Жок. Ал тышкы, ички потенциалдуу коркунучтар жөнүндө айтып келип, жалган маалыматтарды таркатып, элди экстремисттик аракеттерге, андан да жаманы төңкөрүшкө чакырып жаткандар эртели-кеч мыйзам чегинде жооп беришерин гана эскертти.

Предыдущая статья«Дары алып келгенге учак жок болуп жатканда сиз жеке учак менен чет өлкөгө барып келип жатасыз» Депутат Камчыбек Ташиевди сындады
Следующая статьяВИДЕО-«Психикалык жактан жабыркайт» Анжелика Ажарага катуу айтты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here