«Дары алып келгенге учак жок болуп жатканда сиз жеке учак менен чет өлкөгө барып келип жатасыз» Депутат Камчыбек Ташиевди сындады

Депутат Наталья Никитенко УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев берген пресс- конференция боюнча жеке пикирин билдирди. «Абдан тажрыйбалуу саясатчынын мындай билдирүү жасаганы өтө кейиштүү. Элди, жалпы маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө алуу азыркы заманда жана биздин өлкөлө абсолюттук түрдө майнапсыз аракет. Башкалар көп ирет аракет кылган. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана уулдары, Атамбаев менен Жээнбеков баардыгы элдин эсинде. Биздин эсибизде!» «Эркиндик, анын ичинде сөз эркиндиги, бул биздин элибиздин генетикалык коду — бул биздин пайдубалыбыз. Айрым саясатчылар бизди 30 жылда эч нерсеге жеткен жок деп айтып жатышат. Бирок мен макул эмесмин. Биз көкүрөгүбүз менен кере-кере, эркин дем алып көнгөнбүз. Эч ким, бизден бул укугубузду тартып ала албайт!», — деп депутат социалдык баракчасына жазган. Эске салсак, бир күн мурун, 8-июлда, Ташиев пресс-конференция берген. Ал Садыр Жапаровду иинтернетте жамандап жатҡандардын баардыгы «эске алынып, каттоого тургузулуп жатат, учуру келгенде жоопко тартылат» деп
билдирген.

Add your comment

Your email address will not be published.