Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевге иш козголгонун жана Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

Ташиев «Кумтөр ишине» байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты.

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Предыдущая статьяКамчыбек Ташиевди кайсы депутат коркутуп жатат?
Следующая статьяСооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок — Ташиев

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here