«Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аскер прокурорунун улук жардамчысы анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Соттун 6-июлдагы чечими менен арыз канааттандырылган.

27-майда «Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев борбор калаада жер тилкелерин алууда, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип, сыртынан камакка алынып, ага издөө жарыяланган. Ал эми кечээ, айрым ЖМКлар анын Кыргызстанга кайтып келгенин жазып чыгышкан.

Предыдущая статьяБүгүн Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берет
Следующая статьяАбдывахап Нурбаев: «Орхан Инанды биздин жетекчиликти «кидать» этти»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here